«55 күндөн бери ачкачылыкта». Темирлан Султанбековдун абалы кескин начарлап кеткени айтылды

Image description«Социал-демократтар» партиясынын абактагы лидери Темирлан Султанбеков 13-ноябрдан бери ачкачылык кармап келе жатат. Анын ден соолугу кескин начарлап кеткени тууралуу маалымат саясатчынын фейсбук барагына жарыяланды.

Анда Султанбеков алсырап, көрүүсү начарлап, сол буту катуу ооруп жатканы айтылат. Бирок ал денесинин алсыраганына карабай өз принциптеринен баш тартпай турганын белгилеген.

«Бүгүн анын адилетсиздикке каршы нааразылык билдирип ачкачылык кармаганына 55 күн болду. Бул кадам — анын мыйзамды жана адам укуктарын сактоонун маанилүүлүгүнө көңүл бурдуруу максатында барган акыркы чарасы», — деп айтылат билдирүүдө.

13-ноябрда «Социал-демократтар» партиясынын штабы тинтилип, партиянын лидери Темирлан Султанбеков жана мүчөлөрү Ирина Карамушкина, Роза Турксевер камакка алынган.

Аларга «Добуш сатып алуу» беренеси менен айып тагылып, партия 17-ноябрда өткөн жергиликтүү кеңештердеги шайлоодон четтетилген.