Актаудагы учак кырсыгында жаракат алган эки кыргызстандык ооруканадан чыкты

Казакстандын Актау шаарына жакын жердеги учак кырсыгында жаракат алган эки кыргызстандык Улуттук госпиталдан дарыланып чыкты. Маалыматты «Клоопко» Саламаттык сактоо министрлигинен ырасташты.

Мекемеден үчүнчү жабырлануучу нейротравма бөлүмүндө дарылануусун улантып жатканын кошумчалашты. Учурда анын абалы туруктуу деп бааланууда.

30-декабрга караган түнү учак кырсыгында жаракат алган үч кыргызстандык (Эрлан Жунусалиев, Тилек Осмонов жана Ринат Асанов) Бишкекке жеткирилип, дароо Улуттук госпиталга жаткырылган.

25-декабрда Azerbaijan Airlines авиакомпаниясынын Бакудан Грозныйга бараткан учагы Актау аэропортуна жакын жерде кулап түшкөн. Анын ичиндеги 67 кишинин 38и каза болуп, 29у тирүү калган. Арасында үч кыргызстандык болгон.

Euronews жана Reuters басылмалары Азербайжан өкмөтүндөгү өз булактарына таянып, учактын кыйрашына Орусиянын абадан коргонуу системасы себеп болгонун кабарлашкан.