Бишкекте майыптыгы бар кызды зордуктоого шектелип атасы кармалды

Image descriptionШал оорусу менен жабыркаган кызын атасы тарабынан зордуктаганын кыздын апасы айтып чыккан. Ал журналист Алтынай Арстанбековага курган маегинде өзүнүн жана кызынын коопсуздугу үчүн коркуп жатканын билдирген.

Анын айтымында, жолдошу кызга көптөн бери эле зомбулук көрсөтүп келген. 30-декабрда ал Таластан Бишкекке мас болуп келип чыр салып, аялын сабап, үйдөн кууп чыккан.

Ал кызы мас абалдагы атасы менен жалгыз калган үчүн милицияга кайрылып, шектүү кармалган.

Эртеси аял кыздын ич кийиминен шектүү тактарды байкап, ооруканага кайрылган. Дарыгерлер кыздын зордукталганын жана мурда да зомбулукка кабылган болушу мүмкүн экенин аныкташкан.

Бул боюнча Ленин райондук милициясы териштирүү жүргүзүп, тиешелүү экспертизаларды дайындады. Шектүү «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси менен азырынча бир аптага камака алынды.