6-январда соцтүйүндө 9-класстын окуучусу өзүнөн кичүүлөрдү бет талаштыра чапкан видео тарады. Ал балдарга «тамеки чеккени үчүн» кол көтөргөнүн айткан. «Клооп» мугалимдер же башка окуучулар тарабынан ур-токмокко кабылган балдар менен баарлашты.
Бул материалда мектепте «тарбия берүү» жүйөсү менен окуучуларга кол көтөрүү эмнеге туура эмес экенин ачыктап беребиз. Жана балдарды натыйжалуу тарбиялоо боюнча адистин кеңешин сунуштайбыз.
Эмне болду эле?
Соцтүйүнгө тараган видеодон мектеп окуучусу кичирээк балдарды тизип алып, ар бирин бет талаштыра чапканын көрүүгө болот. Окуянын күбөсү жогорку класстын окуучусу балдардан «акча опузалап жаткан болушу мүмкүн» деп болжолдогон.
Видео боюнча милиция териштирүү жүргүзүп, окуя Бишкектеги мектептердин биринде болгонун аныктаган. Бул боюнча мектеп жетекчилиги, видеодогу окуучулар жана алардын ата-энелери милицияга чакырылган.
Териштирүүдө акча талап кылуу аракети болбогону аныкталган. Ал эми ата-энелер балдарга кол көтөргөн окуучунун үстүнөн арыз жазган эмес. Топтолгон материалдар балдар иштери боюнча комиссияга жөнөтүлгөн.
Окуучуларга мугалимдер да кол көтөргөн учурлар бар
Өлкөдөгү мектептерде окуучулар «тарбия берүү» жүйөсү менен ур-токмокко кабылган башка да учурлар бар. Эламан Ысык-Көлдөгү мектептердин биринде окуйт. Ал кээде жогорку класстын балдары болор-болбос нерселер үчүн деле «тарбиялап коёлу» деп кол көтөргөн учурлар бар экенин айтат.
Окуучуларды жогорку класстын балдары эле эмес, агайлары да «какыс-кукус» кылган учурлар кездешет. Асан (аты өзгөртүлдү) былтыр Нарында окуп жүргөндө агайы анын классташтарын бөлмөгө киргизип алып кол көтөргөн.
Асандын айтымында, агайы аларды эмнеге сабап жатканын башында түшүнгөн деле эмес. Кийин ал айрым теңтуш балдары «мас абалда көчөдө мектеп директоруна орой мамиле кылганы үчүн» сабап жатканын билген.
«Саламатсызбы деп кирип барсам эле “балдарыңа туруп бересиңби” деп эки-үч жолу чапты. Биринчи бөйрөк тушка чапканда жалтансам, бетке чапты. Маңдайкы тишим сынып, кээ бир досторумдун көзү көгөрүп, оозу жарылган. Классташ балдарымдын кылыгын билген эмесмин. Мектепте ич ара эле бүтүрүштүк, агай тишимди салдырып берди. Бирок дароо эле чапкылап кирбей, тарбиялоонун башка жолун деле тапса болмок», — дейт ал.
Мектепте балдарды «какыс-кукус кылып тарбиялоо» түшүнүгү көбүн эсе улуу муундагылар арасында көп кездешет. Президент Садыр Жапаров да «биздин убагыбызда мугалимдер бор, сызгыч менен башызды томуйта эле чапчу» деп эскерип, алар жөндөн-жөн кол көтөрбөсүн, тентек балдар ошого жеткирерин айткан жайы бар.
Балдарды уруп-сабап тарбиялоонун кесепеттери
Балдар жана өспүрүмдөр психологу Мээрим Рыскулова балдарды уруп-сабоо бардык: психологиялык, педагогикалык, диний жана этикалык жактан туура эмес экенин белгилейт. Анын айтымында, мындай «тарбиялоонун» таасири кыска мөөнөткө гана оң жыйынтык берет.
Адис балдарды уруу алардагы агресивдүү жүрүм-турум, өзүн төмөн балоо, катуу сындоо жана башкалар менен тил табышуудагы көйгөйлөргө негиз болушу мүмкүн экенин белгилейт.
Рыскулова кол көтөргөн учурда балада такай коркуу сезими калыптанып, психологиялык травманын булагына айланып, ал тургай мээнин түзүлүшүн өзгөртүп жиберерин айтат.
«Изилдөөлөргө ылайык, ур-токмокко дуушар болгон балдарда префронталдык кортекстин көлөмү азаят. Мээнин бул аймагы татаал когнитивдик жүрүм-турумду пландаштырууга, чечим кабыл алууга жана социалдык карым-катнашты жөнгө салууга катышат. Ушул эле изилдөөлөр мындай балдарда көңүл буруу жана концентрация көйгөлөрү көп кездешерин көрсөткөн», — дейт ал.
Ал эми мектепте «тарбия берүү» жүйөсү менен уруп-сабоо балдардын жеке өнүгүүсүнө гана эмес, мектептеги атмосферага да таасирин тийгизет. Адис бул бүтүндөй билим берүү процессин үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн дейт.
«Балдар кызыгуудан эмес, коркуудан улам билим ала баштайт. Окуучулар сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрө алышпайт, бул болсо коомдун өнүгүшү үчүн абдан маанилүү. Ошондой эле, зомбулуктун нормалдаштыруусу башталат, бул келечекте коомдогу агрессия деңгээлинин өсүшүнө алып келет», — дейт ал.
Анда балдарды кандай кылып тарбияласа болот?
Рыскулова балага тарбия берүүдө муундар ортосундагы айырмачылыктарды эске алуу маанилүү экенин белгилейт. Анткени, мындай айырмачылыктар коомдук, экономикалык, маданий жана технологиялык шарттардын өзгөрүшүнө, булар адамдын дүйнө таанымы, баалуулуктары, жүрүм-туруму жана тажрыйбасына таасир этет.
«Азыркы балдардын көбү өз укугун билет: кай жерде пикир айтса болор-болбосун түшүнөт, ошондой эле жакындарын коргоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Менимче, бул жакшы. Албетте, мындай тарбиянын да чеги болушу керек. Балага пикир айтуу укугун жана тандоо эркиндигин берүүнүн, бирок ошол эле учурда ага ылайыктуу чектөөлөрдү коюунун тарапкеримин», — дейт ал.
Адис мектепте болсо билим берүү процесси баш аламан мүнөзгө ээ болбошу керектигин айтат. Мектептеги эреже, укук жана милдеттер так жазылып, аны менен барык мугалим, окуучу жана алардын ата-энелер тааныш болушу керек.
«Эгер эрежелер бузулса, бардык топ үчүн өзүнүн натыйжалары болот. Мектеп балдарды жазалоо менен гана иштебеши керек. Мугалимдер да катага жол беришет. Эң маанилүү нерсе, маселе жаралышын күтүп отурбай, алдын ала түшүндүрүп, иш алып барган оң», — дейт ал.
Мектепте зомбулукка кабылсаң эмне кылуу керек?
Дагы бир балдар жана үй-бүлөлүк психолог Айнур Суусамырбек кызы мектепте окуучуну болор-болбос нерселер үчүн басынтып, кол көтөрүү буллинг (кодулоо) болуп эсептелерин, андайга кабылган бала коркпостон жакын санаган кишисине (ата-энеси, класс жетекчиси же соцпедагогго) кабар бериши керек экенин айтат.
«Бала менен башынан ишенимдүү мамиле куруш керек. Мектепте эмне болуп жатат, кандай жүрөт ата-энелердин көбү кызыкпайт. Баланын маанайы начар экенин сездиңби, сураш керек. Туура мамиле кылса бала айтып берет. Кийин маселени чечсе болот, эгер такыр эле болбой жатса, баланы башка мектепке которгон дурус», — дейт адис.
Суусамырбек кызы мектеп окуучу үчүн коопсуз жай болушу керек экенин белгилейт. Эгер көйгөй жаралса мектеп жамааты, ата-эне жана өспүрүмдөр менен иш алып барган инспекторлор биргеликте окуянын чоо-жайын тыкыр изилдеши керек.
«Күнөөлүү тарап аныкталган соң дароо эле жазалоого шашпай, алгач эскертүү берип, баарын түшүндүргөн жакшы. Ал эми инспекторлор күнөөлүү адамды каттоого алып, аны көзөмөлдөгөнү оң», — дейт ал.
Адис тарбия берүү жүйөсү менен окуучуларга кол көтөрүү же кодулоо сыяктуу көйгөйдү чечүүдө ар бир мектепте психологдун болушу маанилүү экенин белгилейт. Анын айтымында, өлкөдөгү мектептерде психологдор жетишсиз. Бул маселеге бийлик жана Билим берүү министрлиги олутуу көңүл бурушу зарыл.