Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-январда активист Айтилек Орозбековго 70 миң сом өлчөмүндө айып салды. Бул тууралуу «Клоопко» соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Мекеменин маалыматына ылайык, активист бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо боюнча күнөөлүү деп табылды.
УКМК кызматкерлери Орозбековду 2024-жылы ноябрда кармаган. Анда активисттин досу «Азаттык» радиосуна ал TikTok социалдык түйүнүндөгү «Убакыт көрсөтөт» деген каналга жарыялаган видеого байланыштуу кармалганын билдирген.
«Бирок ал каналда азыр видеолор жок экен. Ошол видео жана "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү болгону үчүн деп расмий айтышыптыр. Мага ошентип жазып жибериптир адвокат келгенче», – деген ал.
Активист өзү тагылган айыптоолорду четке кагып, эч кандай чакырык жасабаганын билдирген.
Орозбековдун жакындарынын айтымында, ал буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүловдун коомдук башталыштагы жардамчысы болуп иштеп, кийин оппозициялык «Бүтүн Кыргызстан» партиясына мүчө болгон.
Акыркы жылдары Кыргызстанда «Жапырт башаламандыктар», «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо», «Бийликти күч менен басып алуу», «Раса, улут, дин жана аймак аралык кастыкты козутуу» беренелери боюнча айыпталган адамдардын саны көбөйдү.
Жакында «Клооптун» дата-бөлүмү жарыялаган изилдөөгө ылайык, акыркы төрт жылдын ичинде жогорудагы беренелер боюнча айыпталган 140 киши камакка алынган. Алардын арасында журналисттер менен саясатчылардан тышкары активисттер жана соцтүйүндөрдүн катардагы колдонуучулары да бар.