Парламент төрагасы Нурланбек Шакиев фамилиясын өзгөрткөнүн айтты

Image descriptionЖогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев фамилиясын Тургунбек уулу деп өзгөрткөнүн 13-январда фейсбук барагына жазды.

Ал аты-жөнүн өзгөртүү жеке чечими экенин белгилеп, фамилияны улуттук өзгөчөлүктөргө ылайык жазуу боюнча депутаттар Мирлан Самыйкожо менен Аманкан Кенжебаев сунуш бергенин белгиледи.

Парламенттин 26-декабрдагы жыйынында адамдын тек-жайын жазуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда колдоо тапкан. Аны төрага баштаган депутаттар Мирлан Самыйкожо жана Аманкан Кенжебаев демилгелеген.