«Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Жанна Самышева кармалды

Image descriptionБул тууралуу анын партиялашы Кадыр Атамбаев фейсбук барагында билдирди.

Анын айтымында, 12-январда Самышеваны ИИМдин экстремизмге каршы күрөшүү кызматы Бишкектеги «Тамара» кафесинен алып кеткен. ЖМКга кармалганы тууралуу маалымат тараганда аны Бишкектеги милиция бөлүмүнө которушкан.

Самышева адвокат талап кылган. Бирок, Атамбаевдин айтымында, аларды милиция бөлүмүнө киргизишкен эмес.

«Дем алыш күнү, адвокаттын келишин күтпөй жана мыйзамдуу процедуралардын баарын одоно бузуу менен жасалган мындай аракеттер, биздин талапкерге карата жасалган саясий басым жана коркутуу аракети экенин айкын көрсөтүүдө»,
—  деди Атамбаев.

13-ноябрда «Социал-демократтар» партиясынын штабында тинтүү жүрүп, партиянын лидери Темирлан Султанбеков жана мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Турксевер камакка алынган.

Аларга «Добуш сатып алуу» беренеси менен айып тагылып, партия 17-ноябрда өткөн жергиликтүү кеңештердеги шайлоодон четтетилген.