Самышеванан адвокаты Аскар Алымкулов ал 12-январда Бишкек шаардык милициясында сурак берип, ошол эле күнү бошотулганын «Азаттыкка» билдирди.
Адвокаттын айтымында, Самышева партиянын шаардык кеңештеги шайлоодо добуш сатып алууга байланыштуу козголгон иш боюнча күбө катары сурак берген.
Самышевадан тышкары партия мүчөсү Анарбек Катаганов да кармалганы, бирок анын азыр кайда экени белгисиз болуп жатканы айтылган.