Минкабдын башчысы Адылбек Касымалиев Бишкектеги унаа тыгынын азайтуу боюнча сунуштарды иштеп чыга турган мекемелер аралык топ түзүү жөнүндө буйрукка кол койду. Бул тууралуу бир катары басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, жумушчу топ үч айдын ичинде жолдордогу абалды изилдеп, тыгындардын себебин аныктап, башка өлкөлөрдүн тажрыйбалары менен таанышып чыгуусу керек болот.
Андан соң бул иштердин негизинде тыгын маселесин чечүү үчүн конкреттүү сунуштарды бериши зарыл.
Жумушчу топтун жетекчиси болуп Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев дайындалды.
Мындан тышкары топтун курамына Транспорт, Каржы, Экономика, Санариптик өнүктүрүү министрликтеринин, «Укук» жана «Бишкекбашкыархитектурасы» мамлекеттик мекемелеринин башчыларынын орун басарлары, ошондой эле башка аткаминерлер менен эксперттер кирди.