«Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Катаганов добуш сатып алуу иши боюнча сурак берди

Image description«Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Анарбек Катаганов Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодогу добуш сатып алуу иши боюнча күбө катары суракка алынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБси билдирди.

Милициядан бардык тергөө аракеттери Катагановдун адвокатынын катышуусунда жүргүзүлгөнүн белгилешти.

13-январда «Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Кадырбек Атамбаев Катаганов кармалганын, адвокаттары менен жакындары анын кайда экенин билбей жатышканын айткан.

12-январда добуш сатып алуу иши боюнча партиянын дагы бир мүчөсү, ноябрдагы шайлоодо талапкер болгон Жанна Самышева да сурак берип чыккан.

13-ноябрда «Социал-демократтар» партиясынын штабында тинтүү жүрүп, партиянын лидери Темирлан Султанбеков жана мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Турксевер камакка алынган.

Аларга «Добуш сатып алуу» беренеси менен айып тагылып, партия 17-ноябрда өткөн жергиликтүү кеңештердеги шайлоодон четтетилген.