Жогорку Кеңештин жыйында депутат Нурбек Сыдыгалиев Бишкектин эски аянтындагы Лениндин эстелигин алып, ордуна Турдакун Усубалиевдин айкелин орнотууну сунуштады.
Депутат Усубалиевдин мамлекетке кылган салымы чоң экенин белгилеп, ага эстелик тургузуу керек экенин айтты.
Мындан тышкары, эл өкүлү Бишкектеги төрт райондун аталышын өзгөртүү керектигин кошумчалады.
«Өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикке тапшырма берсеңиздер. Өлкөдө канча ат болсо баарын бир мыйзам менен кабыл алып, бир күндө өзгөртүп коёлу»,
— деп Сыдыгалиев Минкабдын башчысына кайрылды.