ЖАК: Темирлан Султанбековдун абалы канааттандырарлык

Image descriptionЖаза аткаруу кызматы 13-январда дарыгерлер Темирлан Султанбековдун ден соолугун текшерип, анын абалын канааттандырарлык деп баалаганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы дарыгерлер Султанбековдун абалын үзгүлтүксүз көзөмөлдөп, зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүп жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышканын белгилешти.

Султанбековдун камакка алуу боюнча соттун өкүмүнө нааразычылык билдирип ачкачылык кармап жатканына 63 күн болду. Бүгүн эле анын пратиялаштары Султанбековдун ден соолугу кескин начарлап, өз алдынча баса албай калганын кабарлашкан.