Парламенттин депутаты Нурланбек Сыдыгалиев демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Мыйзам долбоорунун максаты — Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого бөлүнгөн бюджеттик каражатты натыйжалуу пайдалануу.
Документте азыркы шайлоо мыйзамына ылайык, 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча шайланары айтылган.
Ошондой эле, эгер депутаттардын бири мандатын тапшырса, мыйзам боюнча эки айда жаңы шайлоо өткөрүлүүгө тийиш.
«Бул нормага ылайык, бир мандаттуу округдарда бош мандат пайда болгондо кайра шайлоолор өткөрүлгөн, бул республикалык бюджетке олуттуу чыгым алып келет»,
— деп айтылат негиздеме-маалымкатта.
2020-жылдын ноябрында Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып турганда, партиялык система «мамлекетти толугу менен кыйратты» деп билдирген. Ал жаңы Баш мыйщамлан партиялык системаны алып салууну колдоп чыккан.
Бирок Жапаровдун айтымында, бул оюу ишке ашкан эмес, анткени айрымдар каршы чыгып, депутаттардын жарымын партиялык система менен, калганын бир мандаттуу округдардан шайлоону сунушташкан.