Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды мектептерде балдардын коопсуздугун камсыздоо жана рэкет, зомбулук менен буллингдин алдын алуу чараларын күчөтүүгө чакырды. Бул тууралуу 17-январьда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкектеги №13 гимназиядагы окуучулардын ата-энелери акыйкатчыга кайрылып, балдары ур-токмокко кабылып жатканын айтып даттанышкан.
Жаманбаева бул окуяны өз көзөмөлүнө алып, укук коргоо органдарына, Билим берүү министрлигине жана башка мекемелерге чара көрүү өтүнүчү менен кайрылды.
«Мектептеги рэкет — бул чараларды талап кылган актуалдуу көйгөй. Аны алдын алуу боюнча ишти күчөтүү зарыл»,
— деди Жаманбаева.
Кечээ Аксыда топ балдар өспүрүмдү сабап кеткени бегилүү болгон. Шектүү катары 16, 17 жана 19 жаштагы балдар кармалган. Андан мурда Бишкекте чоң класстын окуучусу өзүнөн кичүүлөрдү «тартипке чакыруу» үчүн кол көтөргөнү айтылган.