Бишкектеги көп кабаттуу үйдө газ жарылды

Кырсык 19-январь күнү эртең менен Көк-Жар айылынын Сейтек көчөсүндө жайгашкан үйдүн биринчи кабатындагы батирде болгон. Болжолдуу маалыматтарга ылайык, жарылууга батирдин ашканасындагы газ түтүгүндөгү мүчүлүштүк себеп болгон.

Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн жарылуудан улам батирдин айнектери талкаланганын билдиришти. Жыйынтыгында 62 жаштагы аял менен анын 38 жаштагы кызы жаракат алып, экөө тең ооруканага жеткирилген.

Саламаттык сактоо министрлигинен аялдын денесинин 60%, анын ичинде бети, тулку бою жана буттары жабыркап, 1-2-3-даражадагы күйүк алганын билдиришти. Азыр абалы оор. Денесинин 10% күйгөн кызынын абалы туруктуу.