Токмоктун экс-мэри Жалал-Абад облусунун башчысынын орун басары болду

Токмок шаарынын мурдагы мэри Урмат Самаев президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызматына дайындалды. Тиешелүү буйрукка Минкабдын башчысы Адылбек Касымалиев кол койду.

Өткөн аптада Жогорку сот төмөнкү баскычтагы соттордун айыптоо өкүмүн өзгөртүп, Самаевди коррупция иши боюнча актаган. Ага «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси менен козголгон иш кылмыштын курамы жок деген негизде токтотулуп, экс-мэрге реабилитация укугу берилген.

Самаев 2023-жылы 17-апрелде кармалган. УКМК аны «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасында коррупциялык схема уюштурууга тиешеси бар деп шектеген. Анда мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү 130 миллион сомдон ашары белгиленген.

Кийинчерээк Самаевдин үй камагына чыкканы белгилүү болгон. Анда Kaktus.media басылмасы өз булактарына таянып, Самаев тергөө менен келишим түзүп, мамлекеттик бюджетке 25 миллион сом төгүп бергенин жазган.

Парламенттин мурдагы депутаты, «Чемпион» каймана аты менен белгилүү Урмат Самаев 2021-жылы 26-августта Токмок шаарына мэр болуп шайланган. Ал 2012-жылдан 2015-жылга чейин Токмок шаардык кеңешинин депутаты болгон.