Кечээ борбор калаада Башкы прокуратуранын имаратынын алдында соттун жана мамлекеттик органдардын ишине нааразы болгон киши өзүн өрттөгө аракет кылды. Башкы прокуратура бул окуя боюнча түшүндүрмө берди.
Маалыматка ылайык, жабырлануучу эки кылмыш иши боюнча сотко катышып жүрөт. Биринчи иштин материалдарына ылайык, ал А.у.М. аттуу кишиге акчасын алдатып жиберген.
Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүү жабырлануучунун автоунаасын 63 миң долларга сатып, акчаны өзүнө кымырып алган. Бирок сот шектүүнү бошотуп жиберген.
«Прокуратура тарабынан соттук кароодо айыпкерди кайрадан камакка алуу тууралуу өтүнүч келтирилет», — дешти көзөмөл органдан.
Экинчи иш үй сатып алуудагы алдамчылыкка байланыштуу. Прокуратуранын маалыматы боюнча, эки киши жабырлануучуга 500 миң долларга үй сатабыз деп алдап кеткен. Учурда эки шектүү тең камакта.
«Жогоруда көрсөтүлгөн бардык жагдайлар Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө», — дешти мекемеден.
Буга чейин активист Ыргалай Бекмуратова фейсбук барагына ооруканадагы жабырлануучунун видеосун жарыялаган. Анда жабырлануучу акыйкат издеп өзүн өртөөгө аргасыз болгонун айткан.