Алагөзов: Бишкек мэриясы Европа өнүктүрүү банкына 31,7 миллион сом карызды мөөнөтүнөн мурда төлөдү

Image descriptionПрезиденттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов мэрия Европа өнүктүрүү жана реконструкцииялоо банкынан алган 31,7 миллион сом карызды мөөнөтүнөн мурда төлөп бергенин билдирди.

«2017-жылы 25 миллион евро көлөмүндө насыя алынган, ал 2025-жылдын 25-мартына чейин төлөнүшү керек болчу», – деп жазды ал фейсбук барагына.

Алагозов калаа башчылыгы өз каражаттарына кар тазалап, жолдорго туз себүүчү, жайында жолдорду жууй турган атайын техникаларды сатып алганын белгиледи.

Мындан тышкары, ал былтыр мэрия ар түрдүү техникалар токтой турчу бир нече жайды жаңылап алганын кошумчалады. Ал буга чейин мындай иштер болгон эмес деген пикирде.

«Карыздарды да жаап, ошол эле учурда 200дөн ашык атайын техникаларды жапырт сатып алып жатышы буга чейин бюджеттик каражаттар же максатыз сарпталып, же желип кетип жатканынан кабар берет десек болчудай», – деп божомолдоду Алагөзов.