Кадырбек Атамбаев милиция суракка чакырганын кабарлады

Image description«Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Кадырбек Атамбаев бул тууралуу фейсбук барагына жазды.

«Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын ага тергөөчүсү, милициянын капитаны Ибраев Урмат мени бүгүн саат 17:30га Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын №24 кабинетине суракка чакырды», — деди ал.

Чакыруу барагында Атамбаев күбө катары суракка чакырылганы жазылган. Бирок кайсыл иш боюнча экени ачыкталган эмес. Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы маалыматты тактап берүүнү убадалады.

Буга чейин да партия мүчөлөрү Жанна Самышева менен Анарбек Катаганов «добуш сатып алуу» иши боюнча күбө катары суракка чакырылган.

Ушул эле иш боюнча партия лидери Темирлан Султанбеков, мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевер абакта. «Добуш сатып алуу» иши боюнча партия былтыр жергиликтүү кеңештердеги шайлоодон четтетилген.