Бул тууралуу Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине курган кезектеги маегинде билдирди.
Ал Көлбаевди кармоо боюнча жүргүзүлгөн атайын операцияда УКМК кызматкерлери мыйзамдын жана өз ыйгарым укуктарынын чегинен ашкан эмес деп белгиледи.
Анын айтымында, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мыйзамдар жана инструкциялар эч кимдин буйругусуз аткарылат.
«Камчыбек Кыдыршаевич ушул жөнүндө орусча сүйлөп жатып толук жеткире айта албай калган. Бул мыйзам баардык өлкөлөрдө колдонулат. Бул — дүйнөлүк практика», — деп баса белгиледи ал.
16-январда Ташиев жогорку окуу жайдын кызматкерлери менен болгон жолугушууда Көлбаевди «мамлекет үчүн жок кылуу чечимин кабыл алууга аргасыз болгонун» айткан. Бирок эки күндөн соң ал журналисттер айткандарын туура эмес өңүттө жазып чыкканын билдирген.
Көлбаев 2023-жылдын 4-октябрында атайын операция учурунда күч органдары тарабынан жок кылынган.