Бул тууралуу Минкабдын башчысы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусундагы жумушчу сапарынын жүрүшүндө билдирди.
Анын айтымында, Эгемендик майрамын Жалал-Абад облусунда белгилөө тапшырмасын президент берген.
Касымалиев 31-августка карата облуста 30дан ашык ишкана, социалдык жана инфраструктуралык объектилерди ачуу пландалып жатканын кошумчалады.
Ал мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына «майрамдын жогорку деңгээлде өткөрүлүшүн камсыздоо» тапшырмасын берди.
«[Аймакты өнүктүрүү маселелери боюнча] жыйындын жүрүшүндө масштабдуу майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүү иштери талкууланып, программанын долбоору сунушталды», — деп билдиришти Минкабдан.
Кыргызстанда былтыр Эгемендик күнүндөгү негизги салтанат Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында өткөн.