Депутат Масабиров баңгизатка каршы күрөшүү үчүн Telegram-каналдарды бөгөттөөгө чакырды

Депутаттар парламенттин 23-январдагы жыйынында жаштардын арасында баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүгө багытталган мыйзамдык актыларга киргизилген өзгөртүүлөрдү экинчи окууда кабыл алышты.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Таалайбек Масабиров баңгизат каражаттарынын көбүн Telegram-каналдар аркылуу сатып алса болорун айтып, аларды бөгөттөөнү сунуштады.

«Санарип министрлиги TikTok'той чектөөлөрдү киргизиши керек. Жаштар [маңзат үчүн] электрондук капчыктар же банкомат аркылуу төлөп коюуга көнүп калышты. Маселенин өзөгү ушунда», — деди депутат.

ИИМ башчысынын орун басары Нурбек Абдиев мекеме Санарип министрлиги менен биргеликте мессенжердеги айрым каналдарды бөгөттөө маселесин чечип жатканын айтты.

Kaktus.media басылмасынын маалыматы боюнча, Telegram'дын өкүлдөрү кыргыз депутатынын мессенжерди бөгөттөө сунушу боюнча комменарий беришти. Алар платформанын шарттарына ылайык, тыюу салынган заттарды сатууга болбой турганын белгилеп, күн сайын атайын адистер мессенжерде мониторинг жүргүзүп, миллиондогон зыяндуу контенттерди өчүрүү менен алектенишерин билдиришти.

Кыргызстанда TikTok 2024-жылы апрелде бөгөттөлгөн. Санарип министрлиги соцтүйүнгө чектөө киргизүү чечимин УКМКдан келген каттын негизинде кабыл алган.

УКМК TikTok «Балдардын ден соолугуна, психикасына, руханий жана адеп-ахлагына зыян келтирүүнү алдын алуу боюнча чаралар жөнүндөгү» мыйзамды сактабай жатканын билдирген.