Кадырбек Атамбаев менен Раиса Атамбаева кайрадан суракка чакырылды

Image descriptionБул тууралуу «Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Кадырбек Атамбаев фейсбук барагына жазды.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык милициясы Кадырбек Атамбаевди бүгүн саат 11:00гө, ал эми апасы Раиса Атамбаеваны 14:00гө суракка чакырган. Бирок милиция бул боюнча азырынча комментарий бере элек.

Кадырбек Атамбаев апасы менен эки күн мурда эле күбө катары сурак берип чыккан. Бул сурактын кайсы ишке байланыштуу экени азырынча белгисиз.

«Добуш сатып алуу» иши боюнча буга чейин партиянын мүчөлөрү Жанна Самышева менен Анарбек Катаганов күбө катары суралган. Андан соң күч органдары алардын партиялашы Эрмек Эрматовду кармап кетип, «майда бейбаштык» айыбы менен үч суткага камаган.

Ошол эле иш боюнча партиянын лидери Темирлан Султанбеков, мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер учурда камакта отурушат. Партия былтыр ноябрда Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтетилген.