«Кыргызтелеком» ААКсы Чүй проспектиси 96 дарегинде жайгашкан имаратын аукционго койду. Бул тууралуу 24-январда мамлекеттик компаниянын башчысынын орун басары Бектен Жандашев билдирди.
Компаниянын «Айыл Банк» ААКсы менен келишим түзөрү белгилүү. Жандаевдин айтымында, имарат 18 млн долларга бааланууда.
Компания жетекчилиги объектинин сатылышы компаниянын чыгымдарын оптималдаштырууга жана ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет деп эсептөөдө.
Жандаев имараттын жалпы аянты 16 миң чарчы метрден ашык экенин, бирок анда болгону 315 гана киши иштеп жатканын билдирди. Анын айтымында, «Кыргызтелеком» аянттын 36,6 гана пайызын пайдаланууда, калганы ижарага берилип же бош турат. Ошол эле маалда капиталдык оңдоп-түзөө чыгымдарын кошпогондо да компания имаратты тейлөө үчүн жылына 20 млн сомго жакын каражат коротот.
Жандаев сатуу иштерин жай айларына жакын аяктоо пландалып жатканын билдирди. Анын айтымында, имарат короосу, куранты жана оргумалары сыяктуу инфраструктурасы менен бирге «Айыл Банкка» өтөт. Анын короосу айыл-чарба техникаларынын көргөзмөсү өңдүү түрдуү иш-чараларды өткөрүү үчүн колдонулат деп болжолдонууда.
Ошол эле маалда «Кыргызтелеком» компаниянын техникалык имараттары жайгашкан 2,5 миң чарчы метр аянтты өзүнө калтырат.
Жандаев имаратты сатуудан түшкөн каражаттын үчтөн бири салык жана дивидент катары бюджетке түшөрүн, экинчи бөлүгүн компания башка имаратка көчүү үчүн жумшаса, калганын бир жылдын ичинде пайдаланыларын билдирди.
«Кыргызтелеком» ААКсынын Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү курант орнотулган имаратынын курулушу 1972-жылы башталып, 1980-жылы аяктаган. Анын мунарасындагы саат Ереванда жасалып, Армян ССРинин белеги катары 1984-жылы орнотулган.
«Кыргызтелеком» мамлекеттик ишканасы өлкөнүн телекоммуникациялык өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында кийинчерээк — 1993-жылы негизделген.