Светлана (Асланайым) Аширова Кыргыз мамлекеттик циркинин башкы директору кызматынан алынды. Бул тууралуу 23-январда Маданият министрлиги билдирди.
Мекеменин билдирүүсүндө директордун кызматтан алынышы «эмгек келишиминин мөөнөтүнүн аяктаганына» байланыштуу экени жазылган. Ошол эле маалда Ашированын директор болуп дайындалганына үч гана ай болгон.
Буга чейин цирктин артисттери менен кызматкерлери басма сөз жыйынын өткөрүп, Ашированын ишине даттанышкан. Алар аны «жамаатты экиге бөлүп жатат» деп айыпташкан.
«Мамлекеттик циркте иштеген 61 жылдын ичинде көптөгөн түрдүү артисттерди жана директорлорду көргөм. Бирок биз канчалык аракет кылсак да жалпы пикирге келе албаган директор биринчи жолу болууда», — деген анда Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Фатима Мукушева.
Цирк кызматкерлеринин айтымында, Аширова директор болгонго чейин көркөм жетекчи кызматында бир жылга жетпеген убакыт гана иштеген жана анын мекемени башкарууга жетекчилик тажрыйбасы жетишпейт.
Буга байланыштуу алар президент менен маданият министрлигин цирктин директорун алмаштырууга чакырышкан.
Аширова өзү кызматкерлеринин дооматтарын четке каккан. Анын айтымында, ал жамаатка «интрига менен алектенбестен, иштегиле» деген бир гана талапты койгон.
«Балким менин кемчилигим ишимде өтө катуу талапты койгонумдур. Албетте, жетекчилик алмашканда жаңы талаптар болушу мүмкүн да», — деп билдирген Аширова АКИпресс агенттигине.
Светлана Аширова Кыргыз мамлекеттик циркин 2024-жылдын 23-октябрынан бери жетектеп келген.