Путин Аскар Акаевге «Орусиянын илимине эмгек сиңирген ишмер» наамын ыйгарды

Image descriptionКыргызстандын биринчи бозгун президенти, Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин профессору Аскар Акаев «эмгек сиңирген илимий ишмер» наамына татыды. Тиешелүү буйрукка Орусиянын президенти Владимир Путин кол койду.

Бул наам Акаевге «жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодогу эмгеги, илимий-педагогикалык ишмердүүлүгү жана көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн» ыйгарылган.

Аскар Акаев — Кыргызстандын алгачкы президенти, өлкөнү 15 жылдан ашык башкарган. 2005-жылдагы «Жоогазын ыңкылабынан» кийин ал өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Акаевдин бийлиги коррупциянын күчөшү, бийликти узурпациялоо жана Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Боспиек айылындагы тынчтык митингинде тургундарга курал колдонуу сыяктуу окуялар менен эсте калган.