УКМКнын кызматкерлери маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун «К.Н.» аттуу мүчөсүн кармашты.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, кармалган адам 2013-жылдан бери Көлбаевдин кылмыштуу тобунун өкүлдөрү менен байланышта болуп, алардын ишмердүүлүгүн каржылап келген. Мындан тышкары ал кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов (Дөө Чыңгыз) менен да жакын мамиледе болгон.
«[Шектүү] уюшкан кылмыштуу топтун лидерлеринин колдоосу менен жарандарга ар кандай басып жасап, шантаж жана коркутуу жолу менен кыздарды бир канча жолу зордуктаган»,— деп кошумчалашты УКМКдан.
Атайын кызматтан зордуктоо жана уюшкан кылмыштуу топту каржылоо фактылары «жабырлануучулардын материалдары менен ырасталганын» белгилешти. Шектүү УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.