28-январда Бишкек шаарынын Октябрь районундагы реабилитациялык зоопарк өрттөнүп, алты маймыл, бир кенгуру өлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт толугу менен 8:50дө өчүрүлгөн. Тилсиз жоонун кесепетинен 10 чарчы метр жердеги контейнерден салынган бөлмө толугу менен күйүп кеткен.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталып, тиешелүү органдар териштирүү иштерин жүргүзүүдө.
Зоопарктын администрациясы кырсык боюнча расмий корутунду чыккыча эч нерсе деп комментарий бере албасын билдирди.
Бишкектеги реабилитациялык зоопарк 2019-жылдан бери иштеп келет. Анда адамдар жана браконьерлер тарабынан кордук көргөн 30дан ашык жандык бар.