Бишкекте күч колдонуп 18 жаштагы кызды тоноого шектелген киши кармалды

Image descriptionБишкек шаарында күч колдонуу менен 18 жаштагы кызды тоноого шектелген киши кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя борбор калаанын Щербакова жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда белгисиз адамдар кызды башка чаап, 30 миң сомдук алтын сөйкөсү менен 6 миң сомун тартып алган.

Бул боюнча Свердлов райондук милициясы тоноо беренеси менен иш когогон. Териштирүүнүн натыйжасында 29 жаштагы шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугун баалаган глобалдык индексте Кыргызстан бир нече жыл катары менен аялдар үчүн кооптуу өлкө деп табылган.

ИИИдин маалыматы боюнча, өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандардын да саны өсүүдө. Жабыркагандардын басымдуу бөлүгү — аялдар. Былтыр сегиз айда эле үй-бүлөлүк зомбулуктун 10 миңден ашык учуру катталган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 24,1%га көп.