Бул тууралуу Ленин районунун ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-январда милицияга мектеп окуучулары наристени Интергельпо көчөсүндөгү таштанды ыргыткан челектен таап алышканын кабарлаган.
Бул окуяга байланыштуу кылмыш иши козголуп, баланын ата-энесин аныктоо иштери жүрүүдө.
«Клооптун» маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2010-жылдан 2024-жылга чейин 1000ден ашык наристеден «ата-энеси баш тартып же көчөгө ташталган».
Ымыркайлар ажаканадан, таштанды челектен же талаа-түздөн табылган. Анын ичинен кеминде 44 бала чарчап калган.
Ал эми балдарын таштаган аялдар мындай аракетин күйөөсүнүн жоктугу же ата-энесинен корккону менен түшүндүргөн.