Депутат Малиев Германиядагы элчиликти жана Текебаевди коррупцияга айыптады

Image descriptionДепутат Арсланбек Малиев Германиядагы элчиликти жана мекеме жетекчиси Өмүрбек Текебаевдин ишин текшерүүгө чакырды. Ал бул тууралуу Жогорку Кеңештин 29-январдагы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, элчиликте германиялыктарга виза берүүдө паракорлук болушу мүмкүн.

«Элчиликтин кызматкерлери, балким, элчи баш болуп коррупцияга киришип жатат. 15-ноябрда Германиянын жараны визага кайрылат. Бирок, негедир, визасын бербейт. Кайрадан айласыз 15-январда экинчи жолу акча төлөп жатат. Бул деген опузалап акча талап кылуу», — деди ал.

Кыргызстандын Германиядагы элчилиги жана элчи Өмүрбек Текебаев бул айыптоолор боюнча азырынча жооп бере элек.

Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп 2022-жылдын февралынан бери иштеп келет.