Жогорку Кеңештин 29-январдагы жыйынында «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын жаңы депутаты Пархат Түлөндүбаев ант берди.
Ал буга чейин Ош шаарына мэр болуп дайындалган Жеңишбек Токторбаевдин ордуна келди.
Түлөндүбаев төртүнчү жана алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин да депутаты болгон. Алгач «Ак Жол» партиясынын курамында болсо, кийин «Республика — Ата Журт» партиясына өткөн.
Түлөндүбаев коомчулукка «Апрель» телеканалынын репортажынан кийин белгилүү болгон. Анда депутат гимнди туура эмес ырдаган.
Бул окуядан соң ал сынга кабылган. Кийинчерээк элден кечирим сурап, гимнди билбөө «кыргызстандык үчүн, айрыкча депутат үчүн жол берилгис нерсе» экенин айткан.