Нурия Кутнаева башка ишке өткөнүнө байланыштуу санариптик өнүктүрүү министри кызматынан алынды. Тиешелүү жарлыкка президент кол койду.
Министрдин милдетин аткаруучу болуп Mega компаниясынын Мобилдик каржылык кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Азамат Жамангулов дайындалды.
Жарлыкта анын бул кызматка талапкерлиги макулдашуу үчүн Жогорку Кеңешке киргизилери жазылган.
Кутнаева санариптик өнүктүрүү министри болуп 2023-жылдын сентябрында дайындалган. Ага чейин «Түндүк» жана «Электрондук өз ара аракеттешүү борбору» мамлекеттик мекемелеринин директору кызматында иштеген.