Депутат Талиева Минкабда гендердик баланс бузулуп жатканына даттанды

Парламент 30-январда санариптик өнүктүрүү министри кызматына Азамат Жамангуловдун талапкерлигин жактырды. Буга чейин мекемени өлкөдөгү эки аял министрдин бири — Нурия Кутнаева жетектеп келген.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Камила Талиева аялдардын эч себеби түшүндүрүлбөстөн эле жетектөөчү кызматтардан алынып жатканына даттанды.

«Мен Минкабдын өзүнө да “бизде гендердик баланс деген бар, министрликтерге аялдардан көбүрөөк алып келгиле деп” айттым эле. Аялдар жок калды, анда билим берүү министрин да кетирип койгулачы, ал да кетсин. Анан “Таптакыр эле эркектердин өкмөтү” деп жаңы Ак үйгө жазып алгыла. Андай болбойт да!», — деп нааразы болду ал.

Талиева буга чейин Жылдыз Полотова эмгек министри кызматынан алынганын эске салып, анын кетиши да эч түшүндүрүлбөгөнүн белгиледи.

«Эми Нурия айым дагы [иштен алынууда] — биз эмнеге кызматтан кеткенинин себебин билишибиз керек да! [...] “Өкмөттө аялдар болсун” дейбиз, бирок тескерисинче болууда», — деди ал.

Депутаттын пикиринде, Жамангуловдун «бул тармакта тажрыйбасы аз».

29-январда президент Нурия Кутнаеваны «башка ишке өткөнүнө байланыштуу» санариптик өнүктүрүү министри кызматынан алуу жөнүндө жарлыкка кол койгону белгилүү болгон.

Кутнаева министр болуп 2023-жылдын сентябрында дайындалган. Ага чейин «Түндүк» жана «Электрондук өз ара аракеттешүү борбору» мамлекеттик мекемелеринин директору кызматында иштеген.

Кыргыз саясатындагы жана мамлекеттик кызматтагы гендердик теңсиздик маселеси көп жылдан бери олутуу көйгөй бойдон калууда. Аялдар үчүн саясатка аралашып, жетекчилик кызматтарда калуу кыйыныраак.

«Клооп» 2021-жылдагы изилдөөсүндө Кыргызстанда аткаминерлер үчүн «айнек шып» бар экенин аныктаган: кызмат орундары канчалык жогору болсо, аялдар ошончолук аз болот.