Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев депутат Арсланбек Малиевдин виза берүүдөгү жемкорлук тууралуу айыптоосуна жооп берди. Ал виза электрондук түрдө берилгендиктен пара алуу мүмкүн эмес деп билдирди.
«Германиялыктар виза алуу үчүн элчиликке кайрылышпайт. Анткени 2017-жылы Тышкы иштер министрлиги коррупция менен күрөшүү жана виза берүүнү тездетүү максатында “Виза” аттуу портал ачкан. Виза алууга келген чет элдиктер дипломат менен жолукпайт, жүзмө-жүз көрүшө албайт»,
— деди ал.
Текебаев Германиянын жарандары визасыз Кыргызстанда 60 күн жүрө аларын, эгер узак убакыт калгысы келсе виза алууга милдеттүү экенин айтты.
Ал виза берүүдө документтер туура эмес болуп калса чет элдик жаранга дагы бир жолу визага кирүү укугу берилерин жана ар бир кайрылуу үчүн 50 доллар алынарын кошумчалады.
Буга чейин ТИМден виза берүүнүн жол-жобосун түшүндүрүп, бардык арыздар электрондук порталда мыйзам алкагында караларын белгилешкен.