Жаза аткаруу кызматы: Бишкектеги ТИЗО-1 Чүй облусуна көчүрүлөт

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда Бишкектеги ТИЗО-1ди алмаштыра турган эл аралык стандарттарга жооп берген жаңы тергөө абагы курулуп жатат. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын башчысынын орун басары Кемел Садыков парламенттин 29-январдагы жыйынында билдирди.

«Ал жерде бизге бөлүнгөн жер тилкеси бар. Казуу иштери башталды. Бизге мөөнөт берилген — жылдын аягына чейин бүткөрүүнү пландап жатабыз. Беркини [эски ТИЗО-1дин жерин] мамлекетке өткөрүп беребиз», — деди ал.

Садыков өткөн жылы Жалал-Абад облусунда да «эскирип калган» тергөө абагынын ордуна жаңысы курулуп, пайдаланууга берилгенин белгиледи.

«Ал бардык заманбап эл аралык стандарттарга жооп берет. [...] Мындан тышкары кезекте Каракол жана Ош шаарларындагы изоляторлорду көчүрүү иштери турат», — деп кошумчалады ал.

Садыковдун айтымында, Караколдо жаңы тергөө абагын курууга жер тилкеси бөлүнсө, Ошто ылайыктуу жер караштырылууда.

Бүгүнкү күндө өлкөдөгү тергөө абактарында 1 800гө жакын киши кармалууда. Алардын көбү 1950-1960-жылдары курулса, айрымдары андан да эски.