Блогер Батмакан Жолболдуеванын мурда Баткен райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайында зордукталганын айтып чыккан.
Башкы прокуратура териштирүүдө Жолболдуева жана ал зордуктады деген соттолучу ошол учурда эки башка абакта болгону аныкталганын билдирди.
Маалыматка ылайык, блогер 28-март күнү кечинде милициянын Баткен райондук, ал эми шектү Кадамжайдагы бөлүмгө камалган. Кийин Жолболдуева Жалал-Абаддагы 53-мекемеге, ал эми соттолучу Оштогу 25-мекемеге которулган.
«Ошондой эле блогер тергөө маалында ага коюлган айыпка макул эместигин айтып, колун кескилөөгө аракет кылган. Бул иш боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Баткен РИИБнин 19 кызматкери тартиптик жазага тартылган»,
— деп айтылат билдирүүдө.
Райондук прокуратура Жолболдуеванын айткандары боюнча иш козгоодон баш тартты, чечимдин мыйзамдуулугу Баткен облустук прокуратурасында каралууда.
Блогер 2022-жылы «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» беренеси менен айыпталып камака алынган, бирок ошол эле жылы сот аны үй камагына чыгарган.
2023-жылдын январында каза болгон журналисттин эжеси Жолболдуевага каршы доо арызын кайтарып алып, сот аны бошоткон. Кийин ал ошол кезле абакта зордукталганын айтып чыккан.