Бул маалыматты журналисттерге ал өзү ырастады.
Бейшеналиев АКИпресс агенттигине ката кеткенин жана ал кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазганын билдирди.
«Мен хирургмун жана ишимди уланта алам. Системадагы реформалар да уланат», — деди ал.
Алымкадыр Бейшеналиев Саламаттык сактоо министрлигин 2020-жылдын октябрынан 2022-жылдын августуна чейин жетектеген. Экинчи жолу министр кызматына 2023-жылы сентябрда дайындалган.