Соцтүйүндөрдө жүргүнчүлөрдүн бири коомдук транспортто бейтааныш кыздын жамбашын кармалаганы тартылган видео тарап жатат.
Бишкек милициясынан видеодогу кишини издеп жатышканын жана бул ишти мекеме башчысы өз көзөмөлүнө алганын билдиришти.
«Жарандардан издөө иштерине жардам бере турган кандай гана маалымат болбосун, биз менен бөлүшүүңөрдү өтүнөбүз», — деп жазылган милициянын билдирүүсүндө.
2023-жылы ноябрда журналист Александра Титова коомдук транспортто ыдык көргөн кыргызстандык кыз-келиндердин чыныгы окуялары жөнүндө баяндалган «Аялдама» китебин жарыялаган.
Китептеги 90 окуянын 55инде каармандар алты жаштан 16 жашка чейинки, 34ү 17 жаштан 30 жашка чейинки курактарында ыдык көрүшкөнүн айтып беришкен.