Бишкектеги таштанды челектен табылган ымыркай чарчап калды

Image descriptionБул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, наристе ооруканага катуу суук тийген өтө оор абалда жеткирилген. Дарыгерлердин аракетине карабай ал 1-февралда чарчап калган.

Ымыркайды мектеп окуучулары 28-январда Бишкектеги Интергельпо көчөсүндө жайгашкан таштанды челектен табышкан.

Милиция дагы деле тергөө иштери менен алек — кызматкерлер ымыркайдын апасын жана аны урнага таштаган адамды издөөдө.

«Клооптун» маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2010-жылдан 2024-жылга чейин 1000ден ашык наристеден «ата-энеси баш тартып же көчөгө ташталган». Ымыркайлар ажаканадан, таштанды челектен же талаа-түздөн табылган. Анын ичинен кеминде 44 бала чарчап калган.

Ал эми балдарын таштаган аялдар мындай аракетин күйөөсүнүн жоктугу же ата-энесинен корккону менен түшүндүргөн.