Айыл чарба министрлиги 31-январдан тарта ача туяктуу жана ири мүйүздүү малды, жылкыны башка өлкөгө экспорттоону убактылуу токтотту.
Маалыматка ылайык, мал жандыктарды чет жакка сатуу боюнча мурда берилген уруксат кагаздар да убактылуу жараксыз болот.
Бирок министрликтен тыюу канча убакытка созуларын жана чектөөнүн себебин ачыкташкан жок.
Буга чейин депутат Жанар Акаев мал экспортоодо коррупция бар экенин билдирген. Анын айтымында, Өзбекстанга жума сайын 15-20 миң мал чыгарылат, ветеринардык кызматтын өкүлдөрү жандык башына 100 сомдон чогултат. Акаев каражат мекеменин башчысына берилерин айтып, УКМКдан бул ишти териштирүүнү өтүнгөн.
Бирок мекеме бул айыптоолорду четке каккан.
Буга чейин Айыл чарба министрлиги ун жана буудай эскпорттоого алты айга тыюу салган.