Бүгүн Ош шаардык мэриясы төрт көчөдөгү төрт миңге чукул даракты кыя баштады. Калаа бийлиги муну «дарактардын эскилиги жеткени» менен түшүндүрүүдө.
Мэрдин орун басары Сонунбек Жунусбаев алардын ордуна «жаңы дарактар тигилип, жолдор кеңейтилип, атайын арыктар казылып, электр чубалгылары жер алдынан өткөрүлөрүн» айткан.
«Курманжан Датка көчөсүнөн 1870 түп дарак, Масалиев көчөсүнөн 453 түп, Ленин көчөсүнөн 1870 түп жана Асранкулов көчөсүнөн 18, ошондо жалпысынан 3833 даракты уруксат берсеңиздер кесе баштайбыз. Эмне үчүн шашылыш дегенде, биз 15-мартка чейин алардын ордуна жакшы дарактары эгип алуу маселесин коюп жатабыз»,
— деген ал.
2019-жылы да Ош бийлиги калаадагы Шакиров көчөсүн кеңейтүү үчүн 523 түп даракты кыйган. Анда дарактарды кыюу балдардын саламаттыгына терс таасир этери, ал эми дарактарды кыйгандан жол тыгыны азайбай турганы айтылган.
Видео: «Клооп»