Чүй облусунун Сокулук районундагы Төш-Булак айылында дайынсыз болуп жаткан аялдын сөөгү колдору байланган абалда кудуктан табылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, маркум 28-январда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Анын сиңдиси Сокулук райондук милиция бөлүмүнө 30-январда кайрылган.
Издөө иштери жүрүп, эртеси аялдын сөөгү табылган. Алдын ала маалымат боюнча, аялдын денесинде зомбулуктун белгилери болгон.
Бул боюнча милиция «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козгогон. Ыкчам тергөө ишинин натыйжасында 40 жаштагы шектүү кармалды. Ал азыр убактылуу кармоочу жайда.