«Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү кайрадан күч менен милицияга жеткирилди

Image descriptionПартия мүчөсү Кадырбек Атамбаев партиялашы Жанна Самышева сурак берүү үчүн кайрадан милицияга күч менен жеткирилгенини билдирди.

Жакындарынын айтымында, аны балдарын сабактан алып бара жатканда кармап кетишкен, жана туугандары менен байланыша алган эмес.

«Эмнеге ИИМ биздин талапкерлерге кадимкидей чакыруу кагазын жөнөтүп, тынч сурак жүргүзүүнүн ордуна, мындай "кармоо" жана "адам уурдоо" ыкмаларын колдонуп жатканы түшүнүксүз»,
— деди Атамбаев.

Азырынча ИИМ бул боюнча түшүндүрмө бере элек.

Самышева буга чейин да күбө катары сурак берген. Кийин анын партиялаштары Анарбек Катаганов, Кадыр Атамбаев сурак берип, Эрмек Эрматов кармоо учурунда сабалган.

13-ноябрда «Социал-демократтар» партиясынын штабы тинтилип, партия лидери Темирлан Султанбеков жана мүчөлөрү Ирина Карамушкина, Роза Турксевер камакка алынган.

Аларга «Добуш сатып алуу» беренеси менен айып тагылып, партия жергиликтүү кеңештердеги шайлоодон четтетилген.