Депутат Айсулуу Мамашова парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин 4-февралдагы жыйынында жарандар Бишкектин Айтматов проспектисинин боюндагы теректердин кыйылышына нааразы болуп жатканын билдирди.
Мамашова Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиевден кыйылган теректерди эмне кылышарын жана алардын ордуна кандай дарактар отургузуларын сурады.
Ырсалиевдин айтымында, мэрия эски теректердин ордуна отургузуу үчүн 4,5 метрлик клёндун көчөттөрүн сатып алды. Ал ошондой эле кыйылган теректердин бир бөлүгү муктаж үй-бүлөлөргө отун катары берилерин белгиледи.
«Бишкектиктердин көбү ыйлап жатышат. Бишкектин ушундай кереметтүү жолунан айрылдык деп көбүнчөсүнүн азыр ал жакка баргысы жок», — деди депутат.
Аткаминер жооп катары катуу шамал болгондо эски теректер унааларга, адамдарга кулашы мүмкүн экенин билдирди.
«Алардын ордуна клён бактарын отургузабыз. Азыркы ыйлап жаткандар ошол убакта кубанат»,— деди Ырсалиев.
Былтыр ноябрдын аягында мэрия Айтматов проспектисинин боюндагы «кооптуу» теректерди кыя баштаган. Мэр Айбек Жунушалиев андай дарактардын жалпы саны 1400 экенин айтып, алардын ордуна шаардын климатына туура келе турган башка дарактар отургузуларын айткан.