5-февралда Жогорку Кеңештин депутаттар Эркин Чечейбаевди саламаттык сактоо министри кылып дайындоо сунушун бир добуштан колдоду. Ал министр болуу оюу жок экенин, бирок ишеним артышканы үчүн макул болгонун айтты.
«Мени парламент жана эл колдосо, идеяларымды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк пайда болду деп эсептедим. Жашоодо министр болуу каалоом болгон эмес. Сиздердин жардамыңыз менен, институционалдык өзгөрүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин өз каалоом менен кетем», — деди ал.
Чечейбаев дарыгерлердин айлыгын көтөрүү керектигин айтып, маяна маселеси аймактарда жана шаарларда доктурлардын жетишсиздигине алып мүмкүн экенин белгиледи.
Анын айтымында, бул үчүн бюджеттен каржылоону көбөйтүп, мамлекеттик ооруканаларда бейтаптарга акы төлөп дарыланууга мүмкүнчүлүк берүү керек.
«Дарылоо абдан кымбат, бирок бизде совет мезгилинен жылына эки жолу ооруканага жатуу мүмкүнчүлүгү калган. Медициналык кызматтар кымбат болушу керек, бирок өзгөчө учурларда жеткиликтүү болушу абзел», — деди Чечейбаев.
Мындан тышкары жаңы министр өлкөдө ооруларды алдын алуу чараларын өнүктүрүү маанилүү экенин билдирди. Ал учурда саламаттык сактоо тармагындагы каржынын беш пайызы гана бул багытка жумшаларын айтты.
Чечейбаев 2018-2020-жылдары саламаттык сактоо министринин орун басары болуп иштеген, андан мурда Барселонада эл аралык кеңешчи болуп жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунда иштеген.
Президент буга чейин Алымкадыр Бейшеналиевди саламаттык сактоо министри кызматынан бошоткон. Ал иштен кетүү чечимин өзү жана Садыр Жапаров кабыл алганын айткан.