Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн дагы бир киши кармалды

Фейсбукта Али Осман деген ат менен катталган 47 жаштагы тургунга «Массалык башаламандык» жана «Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу» беренелери менен иш козголду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызматтан шектүү фейк аккаунттарды колдонуп, элди бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө чакырып келгенин белгилешти.

«Мындан тышкары ал тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү экени аныкталды. Учурда кошумча тергөө иштери жүрүп, аны менен байланышы бар башка адамдар аныкталууда»,
— дешти УКМКдан.

Шектүү тергөө абагына киргизилди. Анын жакындары жана адвокаттары бул боюнча билдирүү жасай элек.

Акыркы жылдары Кыргызстанда «Жапырт башаламандыктар», «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо», «Бийликти күч менен басып алуу», «Раса, улут, дин жана аймак аралык кастыкты козутуу» беренелери боюнча айыпталган адамдардын саны өстү.

«Клооптун» изилдөөсүнө ылайык, акыркы төрт жылда жогорудагы беренелер боюнча айыпталган 140 киши камакка алынган. Алардын арасында журналисттер менен саясатчылардан тышкары активисттер жана соцтүйүндөрдүн катардагы колдонуучулары да бар.