Министрлик илимий кызматкерлердин айлыгын көтөрүүнү көздөп жатат

Image descriptionМинистрлер кабинети илимий кызматкерлердин айлыгын жүз пайызга көтөрүү боюнча долбоор иштеп чыкты. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, илимий кызматкердин маянасы негизги жана кошумча төлөмдөрдү камтуу менен көбөйтүлөт, жардамчы кызматкерлердин акысы болсо 80 пайызга жогорулайт.

Мындай өзгөртүүлөр билимдин сапатын жогорулатууга, илимий-техникалык инновацияларды өнүктүрүүгө шарт түзүү максатында кабыл алынганы белгиленди.

Бирок министрликтен эмгек акылар так качантан баштап көтөрүлөрүн ачыкташкан жок.

«Бул долбоор тишелүү мамлекеттик органдар менен макулдашып, биргелешкен чем катары кабыл алынган. Ошондой эле президентинин жарлыгында илимий кызматкерлердин эмгек акысын 70тен 100 пайызга чейин көтөрүү милдети коюлган»,
— дешти министрликтен.