Парламент 6-февралдагы жыйынында кыргызстандыктардын аты-жөнүн тандоо мүмкүндүгүн кеңейте турган мыйзам долбоорун кабыл алды. Документ жарандардын фамилиясын жазуунун үч жаңы вариантын сунуштайт.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери — Нурланбек Тургунбек уулу, Мирлан Самыйкожо жана Аманкан Кенжебаев.
Алар «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамга аты-жөндү жазуунун төмөндөгүдөй варианттарын киргизүүнү сунуштаган:
- чоң атасынын аты боюнча жазылганда чоң атасынын атына мүчө уланбастан ата-энесинин каалоосу менен атасынын атынан кийин эркек жынысындагы балдар үчүн «уулу» деген сөз жана аял жынысындагы балдар үчүн «кызы» деген сөз жазылат;
- чоң атасынын атына «теги» деген сөз ажыратылбай чогуу жазылганда, ата-энесинин каалоосу менен атасынын атынан кийин эркек жынысындагы балдар үчүн «уулу» деген сөз жана аял жынысындагы балдар үчүн «кызы» деген сөз жазылат;
- чоң атасынын атына «теги» деген сөз ажыратылбай чогуу жазылганда, ата-энесинин каалоосу менен эркек жынысындагы балдар үчүн илик жөндөмөсүнүн мүчөсү (дын/тын, дин/тин, дүн/түн жана башка) жана аял жынысындагы балдар үчүн чыгыш жөндөмөсүнүн мүчөсү (дан/тан, ден/тен, дөн/төн жана башка) атасынын атына уланып чогуу жазылат».
Ошол эле маалда аты-жөндү «ов»/«ова» жана «вич»/«вна» мүчөлөрүн кошуп жазуу варианты алынбайт.
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, парламент төрагасы 2025-жылдын башында аты-жөнүн өзгөрткөн: азыр ал Нурланбек Шакиев эмес, а Нурланбек Тургунбек уулу.