Бүгүн 11-кичи районунда жылуулук жана ысык суу убактылуу өчүрүлөт

Image descriptionБүгүн, 7-февралда, саат 18:00гө чейин Бишкектин 11-кичи районунда төмөнкү даректерде жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу токтотулат:

№1, 2, 3, 4, 5, 6, 15, 16, 17, 17а, 17/1, 18, 19, 20, 22, 23, 24, 25, 26, 27 , ДС94 турак үйлөрү , сүрөтчүлөрдүн жеке үйлөрү , түрк мектеби.

Бишкек шаардык мэриясы өчүрүү жылуулук түйүнүнүн бөлүгүн алмаштыруу жана жаңы орнотулган түйүнгө кошуу иштерине байланыштуу жүргүзүлүп жатканын билдирди.